Таластын Ак-Башатында 26 жаштагы келин эки баласы менен киши колдуу болду

Иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Таластын Айтматов районундагы (мурунку Кара-Буура) Ак-Башат айылында үч адамдын киши колдуу болгонун Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта тартип сакчыларына кабар түндө саат 00:37де түшкөнү айтылат. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 26 жаштагы М.Ж. аттуу аял жана анын төрт жаштагы кызы менен 2,5 жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн сөөктөрүн тапкан.
"Далил катары сайсыз ок атуучу курал менен балта алынган. Кылмышка шектелип ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Анын алкагында соттук-медициналык, биологиялык, баллистикалык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.
Милиция кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Сөөк ашканада 9 күн жаткан. Жети-Өгүздө аялды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды