"Санарип көчмөн" долбоорунун мөөнөтүн узартуу сунушталды. Себеби

"Санарип көчмөн" статусун алган 2 018 кишинин ичинен 168 чет өлкөлүк жаран Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары каттоодо турат. Алардан 4 миллион 931 миң сом салык түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Санарип көчмөн" макамын ыйгаруу боюнча убактылуу жобону дагы бир жылга узартуу сунушталууда. Тиешелүү документти Экономика жана комерция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Аталган статусту берүү тартиби 2022-жылдын сентябрынан бери өкмөттүн убактылуу жобосу менен иштеп келген. Аны колдонуу мөөнөтү 30-июнда бүтөт.
"Санарип көчмөн" статусун маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагында иштеген чет өлкөлүк жарандар ала алышат.
Убактылуу жоболор Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, АКШ, Улуу Британия, Түндүк Ирландия, Германия, Япония жана Түштүк Корея өлкөлөрүнүн жарандарына карата колдонулат.
1-майга карата "санарип көчмөн" макамын алууга 5 217 арыз түшкөн, анын ичинен:
берилген (тастыкталган) – 2 329 адам;
четке кагылган – 2 473 арыз берүүчү;
жокко чыгарылган – 415 талапкер;
дайындалган ПИН – 1 686;
өлкөгө 1 662 чет өлкөлүк жаран кирген;
"санарип көчмөн" статусун алгандардын ичинен 1 140 адам башка өлкөлөргө кеткен;
өлкө аймагына келгендер – 522 адам.
"Санарип көчмөн" статусун алган 2018 кишинин ичинен 168 чет өлкөлүк жаран Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары каттоодо турат. Алардан 4 миллион 931 миң сом салык түшкөн.
"Долбоордун ишке ашырылышы жогорку квалификациялуу кадр тартууга, жумушчу орундардын түзүлүшүнө, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшүнө, туризмди өнүктүрүүгө, салыктын көбөйүшүнө байланыштуу өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан убактылуу жобонун мөөнөтүн 2025-жылдын 30-июнуна чейин узартуу каралган", — деп жазылган негиздемеде.
Пресс-борбор
Кыргызстанда эки миңге жакын чет элдик жаран "Санарип көчмөн" макамын алды