Садыр Жапаров: "Крокустагы" окуя кызматташууну күчөтүү зарылдыгын көрсөттү

Өлкө башчы Кыргызстан терроризмди чечкиндүү түрдө айыптай турганын баса белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 54-жыйыны өтүп жатат.
Президент катышуучулар менен саламдашып жатып, КМШ мындан 30 жыл мурда олуттуу геосаясий өзгөрүүлөр учурунда түзүлгөнүн белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстан терроризмди чечкиндүү түрдө айыптай турганын баса белгиледи.
"Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү терроризм коркунучу менен жалгыз күрөшө албайт. Акыркы убакта жаңы террористтик тобокелдиктер жана коркунучтар пайда болгонун, эң чоң коркунуч киберкылмыштуулук жана кибертерроризм экенин белгилей кетүү керек. 2022-жылдын октябрында Астанада өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлган 2023-2025-жылдарга карата терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө кызматташуу программасы маанилүү ролду ойнойт. Мындан тышкары, өткөн жылы Кыргызстан 2023-2027-жылдарга карата экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алган", — деди президент.
Жапаров "Крокустагы" трагедиялуу окуя мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи. Өлкө башчысы сөзүнүн соңунда кеңештин 54-отурумунун жыйынтыгы менен кызматташуу чыңдаларына ишене турганын кошумчалады.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Ташиев: "Крокустагы" окуя террорчулук азыркынын ачуу көйгөйү экенин көрсөттү