Мишустин: Россия жакын коңшулары үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калууда

Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россия эң жакын коңшулары үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынан кийин журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
“Россия бардык өлкөлөр үчүн ар дайым ишенимдүү өнөктөш, союздаш болуп келген жана ошол жолунан жазбайт. Биз эң жакын коңшуларыбыздын жана досторубуздун кызыкчылыктарына көңүл бурабыз. Глобалдык экономикадагы туруксуздуктун жана эл аралык мамилелердин жаңы көп полярдуу дүйнөлүк архитектурасынын калыптануу мезгилинде бардык багыттар боюнча мамилелерибизди чыңдоону өтө маанилүү деп эсептейбиз”, — деди Мишустин.
Ал жыйында жетишилген макулдашуулар буга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.
Мишустин Ашхабадда өткөн КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.
Мишустин: ЕАЭБ ИДПнын өсүү темпи боюнча Евробиримдиктен озуп баратат