Путин Зеленскийдин легитимдүүлүгү токтоду деп эсептей турганын айтты

Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 20-майында бүткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россия Владимир Зеленскийдин легитимдүүлүгү токтоду деп эсептейт. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Россия — Беларусь сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйында айтканын РИА Новости жазды.
"Албетте, азыркы мамлекет башчысынын легитимдүүлүгү токтогон деп өзүбүзгө отчёт беребиз", — деген Путин.
Президент Россия Украина менен сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин, бирок ага жетишилген макулдашуулардын негизинде гана кайтуу мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жандангандан кийин Россия документтерге ким кол коёрун билиши керек.
Зеленскийдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ушул жылдын 20-майында бүткөн. Украинада бул жылы өтө турган президенттик шайлоону аскердик кырдаал жана жалпы мобилизацияны себеп кылып токтотушкан. Зеленский учурда шайлоо өткөрө турган учур эмес деп билдирген.
БУУ Зеленскийдин 20-майдан кийинки президенттигинин мыйзамдуулугуна баа берди