КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Ташиев: палестин-израиль чырынын курчушу КМШга таасир этти

УКМК жетекчисинин айтымында, жаңжал биринчи кезекте мусулман калкы басымдуулук кылган мамлекеттер, анын ичинде КМШ өлкөлөрү үчүн да кесепеттүү болду
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Палестин-израиль чырынын курчушу дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү этноконфессионалдык абалга терс таасир этти. Бул тууралуу УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңжал биринчи кезекте мусулман калкы басымдуулук кылган мамлекеттер, анын ичинде КМШ өлкөлөрү үчүн да кесепеттүү болду.
"Дүйнөдө геосаясий процесстердин жүрүшүнөн, инфляция күчөп, дүйнөлүк валюталар девальвацияга тушугуп, бир катар аймактарда согуштук аракеттердин жүрүшүнөн улам бир катар региондордо ресурстардын дифференсацияланышы күчөп жатат", — деди Ташиев.
Эскерте кетсек, Бишкекте өтүп жаткан иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ФСБ башчысы Александр Бортников, РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жана шериктештиктин атайын кызматтарынын башчылары катышууда.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Ташиев: "Крокустагы" окуя террорчулук азыркынын ачуу көйгөйү экенин көрсөттү