Кан басымы жогоруларга медициналык камсыздандыруу кандай жеңилдик берет. Тизме

Бул оор илдет болуп саналгандыктан ар дайым медициналык жардамды, мезгил-мезгили менен дарылоону талап кылат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду гипертониядан жабыр тарткан адамдар сөзсүз саламаттыгын камсыздандырышы керектигин эскертти.
Мекеме белгилегендей, гипертония – адамдардын кан басымынын жогору болушу. Бул оор илдет болуп саналгандыктан ар дайым медициналык жардамды, мезгил-мезгили менен дарылоону талап кылат. Дарыгерлер аталган илдетке олуттуу мамиле жасабагандык өлүмгө кептеши мүмкүндүгүн эскертишти.
Кан басымы жогору адамдар керектүү медициналык жардамдарды алуу үчүн медициналык камсыздандырууга ээ болушу маанилүү. Фонд мындай аракеттен улам бериле турган жеңилдиктерди тизмектеген:
дарыгерлер ден соолуктун абалын аныктап, профилактикалык жана амбулатордук медициналык кароодон акысыз өткөрүшөт;
бейтаптар белгиленген мөөнөттөрдө медициналык мекеме тарабынан лабораториялык-диагностикалык 50дөй изилдөөлөрдөн акысыз өтүшөт;
эң зарыл дары-дармектин баасы 50 пайызга арзандатылат;
ооруканада пландуу дарыланып чыгууда толук төлөмдүн жарымын төлөө.
"Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисинин мүмкүнчүлүктөрү жана жеңилдиктери тууралуу толук маалыматты тургундар жашаган жери боюнча Жалпы дарыгерлик практика борборунан же Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан ала алышат. Ошондой эле 113 номерин терип ММК фондунун күнү-түнү иштеген кызматкерлери менен байланышса болот. Бардык чалуулар акысыз", — деп айтылат маалыматта.
Кош бойлуулар кайсы кызматтарды акысыз ала алат? Министрлик тизмектеди