Таласта эки баласы менен келинди кайнагасы өлтүргөн. Кылмыштын чоо-жайы

Шектүү буга чейин 8 жылга соттолуп, бир жыл мурда пробация менен чыгарылганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. ИИМ Таластын Ак-Башат айылындагы үрөй учурган окуянын чоо-жайын маалымадады.
Кылмыш 23-май түнү жасалган. Милицияга кабар саат 00:37де түшүп, жерине барган ыкчам топ 26 жаштагы келиндин, төрт жаштагы кызынын жана 2,5 жаштагы уулунун сөөгүн тапкан. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгө алынып, кийин кармоо учурунда өлтүрүлгөн.
ИИМдин маалыматына ылайык, шектүү К.Н. — келиндин кайнагасы, ал К.М. аттуу инисинен мурдатан өч алууну эңсеп жүргөн.

"Бир кезде туугандар К.Н. менен К.М. мүлк талашып чырдашкан. Натыйжада 2018-жылы К.Н. инисин бычактап өлтүрүүгө аракет кылган. Ал Кара-Буура (азыркы Айтматов) райондук сотунун чечими менен "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок 2023-жылдын мартында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү 23-май күнү эски таарынычын эстеп саат 23:00дөр чамасында инисинин үйүнө барган. Бул учурда үйдүн кожоюну талаа иштери менен алек болуп жүргөн. Анын үйүндө жок экенинен пайдаланып аялын жана балдарын өлтүрүп, тоо тарапка качып кеткен.
Өзгөндө эки адамды чала жан кылып сабаган УКТ мүчөсү жакындары менен кармалды