Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Ташиев: "Крокустагы" окуя террорчулук азыркынын ачуу көйгөйү экенин көрсөттү

УКМК жетекчисинин айтымында, террорчулук коопсуздуктун эл аралык системасынын орношуна коркунуч келтирип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Подмосковьедеги "Крокус сити холл" залында болгон окуя террорчулук азыркынын ачуу көйгөйү экенин көрсөттү. Бул туурасында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органы менен атайын кызматынын жетекчилеринин Бишкекте өтүп жаткан 54-отурумунда белгиледи.
Анын айтымында, террорчулук коопсуздуктун эл аралык системасынын орношуна коркунуч келтирип жатат жана экономикалык, аскердик кубаттуулугуна, географиялык жайгашкан ордуна карабай кедергисин тийгизет.
"Эл аралык террордук уюмдар жана анын артында турган каржылоочулары максатына жетиш үчүн бир катар аймактарда коомдук-саясий чыңалууну пайдаланышат. Биздин атайын кызматтар Афганстандын КМШ өлкөлөрүнүн түштүк чектеринин бүтүндүгүнө кооптуулук жараткан масштабга жетип калган түндүк провинцияларына террорчулардын топтолгону дагы деле уланып жатканына өзгөчө көңүл бурушу керек", — деген Ташиев.
Путин Коопсуздук кеңешин КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көңүл бурууга чакырды