Мишустин: КМШ өлкөлөрүнө тышкы конъюнктураны карабаган эсеп системасы керек

Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. КМШ мамлекеттери атаандаштыкка шарт түзүп, тышкы конъюнктурадан көз каранды болбогон эсеп-төлөм архитектурасын түзүшү керек. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, премьерлердин жолугушуусу Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жатат.

“Бажы тармагындагы кызматташууну күчөтүү зарыл. Макулдашылган антимонополиялык саясат жүргүзүп, атаандаштыкка адилеттүү шарт түзүү менен бардык тармакта заманга ылайык чечимдер кабыл алынышы керек. Алдыбызда транспорт комплексин өнүктүрүү жана тышкы конъюнктурадан көз каранды болбогон эсеп-төлөм архитектурасын түзүү сыяктуу ири маселелер турат”, — деди ал.

Мишустин КМШ мамлекеттеринин ортосундагы гуманитардык байланыштардын маанисине да токтолду.
КМШнын өкмөт башчылары энергетика боюнча 2035-жылга чейинки концепцияны бекитти