КМШ премьерлери транспорт коридорлорун өнүктүрүү планын кабыл алышты

Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлери бекиткен транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планы товар айлантууну көбөйтүп, жүктөрдүн жеткирилишин тездетет. Бул тууралуу РФ премьер-министри Михаил Мишустин билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, КМШ премьерлеринин жыйыны Түркмөнстандын ордо калаасы Ашхабад шаарында өттү.
“Бүгүн транспорт боюнча иш-аракеттердин планы кабыл алынды. Инфраструктураны модернизациялоо, алдыңкы технологияларды колдонуу жаатында жигердүү иштеп жатабыз. Мунун баары ишкерлерибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жүк ташууну тездетип, жалпы товар айлантууну көбөйтөт деген ишеним күч”, — деген Мишустин жолугушуудан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Ал сунушталган чаралар жалпы жонунан шериктештиктин ири транзиттик потенциалын ачып берерин кошумчалады.
Жапаров: 4 жылда Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен соодасы 1,6 эсеге өстү