КМШнын өкмөт башчылары энергетика боюнча 2035-жылга чейинки концепцияны бекитти

Документтер Москванын энергетика институту тарабынан даярдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары энергетика тармагында 2035-жылга чейин кызматташуу концепциясын кабыл алганын Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин билдирди.
РИА Новости жазганына караганда, тиешелүү чечим КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында кабыл алынды. Документ тууралуу Россиянын министрлер кабинетинин башчысы жарыялады.
“Документтер Москванын энергетика институту тарабынан даярдалган жана отун-энергетика комплексинин тармактарын илимий-техникалык жактан өнүктүрүүнү колдоого багытталган. Анда ири энергетикалык системаларды башкаруунун эң заманбап ыкмаларын жана моделдерин активдүү ишке киргизүү камтылган”, — деди Мишустин.
РФ премьер-министри кошумчалагандай, бул планды ишке ашыруу айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди азайтат. Ал эми бир катар чечимдер химиялык өнөр жай тармагына тиешелүү.
“Биз (КМШ өлкөлөрү – ред.) ресурстарды жана энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык жактан таза өндүрүштөрдү түзүүгө багыт алабыз”, — деди Мишустин.
Мишустин: Россия жакын коңшулары үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калууда