Кыймылсыз мүлктүн менчик укугун өткөрүү накталай төлөм менен 10 эсеге көтөрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Министрлер кабинети накталай эмес төлөм жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү үчүн кошумча чараларды кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн 15-майдагы токтомунда айтылган.
Ага ылайык, кыймылсыз мүлктүн менчик укугун өткөрүүчү келишимдерди күбөлөндүрүү үчүн төлөмдөр накталай болсо 10 эсе жогорулайт.
Накталай тарифтер төмөнкүдөй:
эгерде бүтүмдүн тарабы балдар, ата-энелер, жубайлар, бир тууган ага-инилер, бир тууган эже-сиңдилер, чоң эне, чоң ата, неберелер болсо - 10 000 (он миң) сом;
эгерде бүтүмдүн тараптары башка жеке жактар болсо - 20 000 (жыйырма миң) сом;
эгерде бүтүмдүн тараптарынын бири юридикалык жак болсо - 50 000 (элүү миң) сом.
Ошондой эле мамлекеттик банктарга ("Айыл Банк", РСК Банк жана "Керемет Банк") бүтүмдүн суммасынан 0,02 пайыз өлчөмүндө эскроу-эсепти тейлөө үчүн комиссия белгилөө сунушталды. Ушундай эле сунушту Улуттук банк коммерциялык банктарга берүүсү көрсөтүлгөн.
Турак жай жана унааны милдеттүү камсыздандырууну киргизүү сунушталууда