Камчыбек Ташиевдин уулу футбол курама командасынын кеңейтилген курамына кирди

Улуттук команда 6-июнда Бишкекте Малайзия, 11-июнда Мускат шаарында Оман менен ойнойт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Камчыбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Эмир-Хан Кыдыршаев футбол боюнча улуттук курама команданын кеңири тизмесине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, улуттук курама 6-июнда Бишкекте Малайзия, 11-июнда Мускат шаарында Оман менен ойнойт.
"Штефан Таркович 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылкы Азия кубогунун июнда өтө турган тандап алуу оюндары үчүн даярдыктын алкагында өтө турган жыйынга кураманын кеңейтилген тизмесин жарыялады. 33 оюнчудан турган курама 27-майдан 4-июнга чейин Жалал-Абад шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле беттешттин тизмесине 23 гана оюнчу киргендиктен акыркы тизме 3-июнда белгилүү болору кошумчаланды.
19 жаштагы коргоочу Эмир-Хан Кыдыршаев Италиядагы Паоло Росси атындагы футбол академиясында билим алып, кийин испан клубдарында машыккан.
Ташиев Кара-Суудагы “Манас” стадионун жыл этегине чейин оңдоону тапшырды