КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Коопсуздук, кызматташтык, Афганстан. Бишкекте КМШ алкагында ири отурум өттү

Региондогу коопсуздукту сактоо, террорчулук менен экстремизмге каршы күрөшүүнүн биргелешкен жолдору, Афганстандын кооптуулукту, туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кадамдары жана башка темалар көтөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органы менен атайын кызматынын жетекчилеринин 54-отуруму өтүп, анда аймактагы кооптуулуктар, ага каршы күрөшүү жолдору талкууланды.
Жолугушууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ФСБ башчысы Александр Бортников, РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жана шериктештиктин атайын кызматтарынын башчылары катышты.
Төмөндө иш-чарадагы айтылган урунтуу маселелерге токтолобуз:
Жалпы коркунуч. Ташиев анын масштабы тууралуу кеп кылды. Террорчулук коопсуздуктун эл аралык системасынын орношуна коркунуч келтирип жатат жана экономикалык, аскердик кубаттуулугуна, географиялык жайгашкан ордуна карабай кедергисин тийгизүүдө.
КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев дүйнөдө кайрадан глобалдык чыр-чатак чыгуу коркунучу жаралганын эскертти. Анын жарчысы Украинадагы геосаясий тирешүү гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы абал, неонацисттик идеологиянын жайылышы болуп жатат. Ушул фондо эл аралык террордук уюмдар активдешүүдө.
Тынчыбаган Батыш. Бортников англосаксондор КМШ мамлекеттеринин жетекчилерине кысым көрсөтүп болсо да Борбор Азиядан орун-очок алып, регионго таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатышканына токтолду.
Афганстан. Бортников Кабулга тышкы оючулар тоскоолдук кылышпаса талибдер тартипти өздөрү орноторун белгиледи. Өлкөнүн бийлиги абалды жөнгө салуу үчүн чатактуу террордук топтор менен күрөшүп, эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин агылып кирүүсүн азайтуу максатында тышкы чектерин бекемдөөгө умтулуп жатканын айтты.
Нарышкин Афганстандын келечеги — Евразия өлкөлөрү, анын ичинде Россия жана Борбор Азия мамлекеттери менен ынтымактуу жана жакын коңшулук мамиледе экенин белгиледи.
Садыр Жапаров: "Крокустагы" окуя кызматташууну күчөтүү зарылдыгын көрсөттү