КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Бишкекке КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматынын жетекчилери чогулду

Жолугушууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ФСБ башчысы Александр Бортников, РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жана шериктештиктин атайын кызматтарынын башчылары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Борбор калаада КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органы менен атайын кызматынын жетекчилеринин 54-отуруму өтүп жатат.
Президент Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучулары менен жолукту.
ФСБ маалымат кызматы отурумдун алкагында КМШда конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүп жана абалды туруксуздаштыруу үчүн чет мамлекеттерден атайын даярдыктан өтүп келгендерди табуу боюнча биргелешкен чаралар аныктала тургандыгын билдирген.
"Иш-чаранын катышуучулары диний экстремизм жана террорчулук менен күрөшүү, аны менен катар террорчулукка каршы эл аралык маалыматтар топтомун алмашуу менен бул багыттагы иштерди өркүндөтүү жолдорун сүйлөшүп, белгилешет", — деп айтылган анда.
КМШнын антитеррордук борбору кеңештин мүчөлөрүнө террорчулук жана экстремизмдин башка түрлөрү менен 2023-2025-жылдары күрөшүүдө КМШдагылардын кызматташуу программасынын 2023-жылы аткарылышынын отчету берилет.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ФСБ башчысы Александр Бортников, РФтин Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жана шериктештиктин атайын кызматтарынын башчылары катышууда.
Путин Коопсуздук кеңешин КМШ өлкөлөрү менен мамилеге көңүл бурууга чакырды