КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Бишкекте КМШнын атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны өттү. Видео

Бүгүн Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 54-отуруму өттү. Кыргызстандын борборуна жети өлкөнүн, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жана Антитеррордук борборунун өкүлдөрү келишти.
Sputnik
Жыйынды Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ачты. Ал бир катар билдирүүлөрдү жасады:
Палестина-Израиль чатагы КМШ өлкөлөрүнө терс таасирин тийгизди;
"Крокустагы" окуя терроризм азыркы замандын эң актуалдуу көйгөйү экенин көрсөттү.
Кийинки сөздү Россиянын ФСБсынын башчысы Александр Бортников алды. Ал жыйынга төрагалык кылып (бул жылы КМШга Россия төрагалык кылууда), бир катар билдирүүлөрдү жасады:
англосакстар кандай жол менен болсо да Борбор Азияда бекем орун алууну каалашат;
Киев Батыштын кысымы астында чыр-чатакты жөнгө салуу демилгелерин үзгүлтүккө учуратууда;
АКШ, Англия жана алардын НАТО боюнча союздаштары дүйнөлүк үстөмдүгүн сактап калуу үчүн алардын саясаты менен макул болбогон суверендүү мамлекеттерге каршы, ачыктан-ачык террористтик режимдерди колдоо менен гибриддик согуштун арсеналын пайдаланып жатышат;
Украинанын аскердик чалгындоо кызматы "Крокустагы" террордук чабуулга түздөн-түз тиешеси бар.
Белгилей кетсек, жыйындын катышуучулары менен президент Садыр Жапаров дагы жолугушту. Анын айтымында, белгисиздиктин, башаламандыктын жана чыр-чатактын күчөшү менен мүнөздөлгөн дүйнөдөгү өзгөрүүлөр, ошондой эле "Крокустагы" акыркы трагедиялуу окуялар чалгындоо кызматтарынын ролун күчөтүп, ишин жакшыртуу жана мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөө зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү.
Жолугушуунун жыйынтыгында Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин журналисттерге маек курду. Ал төмөнкүлөрдү билдирди:
Батыш террордук уюмдарды өз максаттары үчүн колдонот;
"Крокустагы" теракт - оппоненттердин Россиядагы кырдаалды туруксуздаштырууга жана КМШдагы улуттар аралык ынтымакты бузууга умтулуусунун чынжырынын бир бөлүгү;
Батыш элитасы согуш талаасындагы стратегиялык демилге толугу менен Россияга өткөнүн түшүнүштү.