КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Бортников: Кабулга тоскоолдук кылышпаса эле талибдер тартипти өздөрү орнотот

Россиянын атайын кызматынын жетекчиси учурда Афганстанда оң тенденциялар байкалып жаткандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин атайын кызмат жетекчилеринин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан отурумунда ФСБ башчысы Александр Бортников Афганстандагы кырдаал тууралуу айтты.
Ал КМШга мүчө өлкөлөрдү аталган мамлекетте болуп жаткан нерселер тынчсыздандырбай койбостугун, анткен менен оң тенденциялардын байкалганын белгилеген.
"Афган бийлиги абалды жөнгө салуу үчүн чатактуу террордук топтор менен күрөшүп жатат, эл аралык террордук уюмдардын согушкерлеринин агылып кирүүсүн азайтуу максатында тышкы чектерин бекемдөөгө умтулууда. Аны менен катар эле КМШнын атайын кызматтары менен диалог да жүргүзүүдө. Эгерде Кабулга тышкы оюнчулар тоскоолдук кылбаса, талибдер өз үйүндө өздөрү тартип орнотуп алышат", — деген Бортников.
Ал англосакстардын Афганстандагы кырдаалга таасир этүү аракетин жана муну менен Борбор Азияда ордун бекемдеп, аймакты жалпы регионго таасир этүү үчүн аянтча катары пайдалануу максатын белгилеген.
Садыр Жапаров Афганстандагы эң башкы үч көйгөйдү атады