Жолчу, ашпозчу, машинист. "Бишкек асфальт сервис" ишке чакырат

Жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы жооптуу кызматкерлерди ишке чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Ишкана учурда жолчу, ашпозчу, слесарь, айдоочу жана машинисттерди издеп жатат. Талапка ылайык, жумушка 18 жаштан жогорку адамдар алынмакчы.
Ишке орношууну каалагандар Орозбеков көчөсү, 259А дарегине саат 09:00дөн 18:00гө чейин кайрылса болот.
Сурап-билүү номерлери: 0555 888 243.
Бишкекте жашагандарга 4,5 миң бош жумуш орду сунушталууда