Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Сүйлөшүү уюштургула". Батышта окумуштуулар менен саясатчылар козголо баштады

Авторлор буга чейин Евробиримдик Украинадагы чатакты дипломатиялык жол менен чечүүдөн баш тартып келгенин белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Европа парламентинин жаңы чакырылышы Россия менен Украинага ортомчу болуп, эки тараптын катышуусунда тынчтык конференция өткөрүшү керек. Мындай талапты европалык окумуштуулар менен саясатчылар Corriere Della Sera басылмасындагы ачык катта айтканын РИА Новости жазды.
Алардын арасында Европарламенттин жана Италия парламентинин мурдагы депутаты Лучана Кастеллина, Италия Сенатынын чет элдик иштер боюнча комитетинин мурдагы төрагасы Жан Жакомо Мигоне, Тынчтык боюнча эл аралык бюронун мурдагы башкы катчысы Колин Арчер жана Италия, Франция, Германия, Финляндиянын бир нече профессорлору бар.
"Европалык парламенттин кезектеги чакырылышы эки тараптын катышуусунда (Россия, Украина — ред.) сынамык конференция уюштуруп, Украинадагы кармаштан кийин аймакта коопсуздук жана тынчтыкта жашоо боюнча талкуу болушу керек", — деп айтылат катта.
Анын авторлору буга чейин Евробиримдик Украинадагы чатакты дипломатиялык жол менен чечүүдөн баш тартып келгенин белгилешкен. Европа өкмөттөрү Украина армиясын оозу-мурдунан чыкканга чейин куралдандырып, Россия менен түз кагылышка алып келчү чалгын маалыматтарын Киевге берип турган.
"Шайлоонун алдында согушту токтотуу туурасында ЕБдин демилгеси менен сүйлөшүүлөрү боюнча маселелерди да көтөрүү талапкерлердин күн тартибине коюлушу керек. Бул Рим папасынын кызуу кандуу чакырыгына татыктуу жооп берген кадам болот", — деген сунуш айтылган катта.
Москва буга чейин кепке келүүгө даярдыгын бир нече жолу билдирип келди, бирок ага Киев мыйзам деңгээлинде тыюу салган. Батыш өлкөлөрү Москваны сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырып келет. Буга чейин Кремль Украинадагы абалды азыр тынчтык жолуна салууга негиз жоктугун, Россия үчүн башкы приоритет атайын операцияны максатына жеткирүү экенин, бул согуш жолу менен гана мүмкүн болуп жатканын айткан. Москва Украинадагы жагдай Киев де-факто абалын жана жаңы реалдуулукту кабыл алганда гана тынчтык жолуна түшөрүн, ал эми Россиянын бардык талаптары белгилүү экенин билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШ жакынкы айларда Украинанын тагдыры чечилет деп эсептөөдө