Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Нарышкин Украинадагы кырдаал боюнча: Батыш элитасы айласын таппай калды

Батыш элитасы согуш талаасындагы стратегиялык демилге толугу менен Россияга өткөнүн түшүнгөнү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШ жана бир катар алдыңкы Батыш өлкөлөрүндө Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө карата түрдүү жана бири-бирин жокко чыгарган билдирүүлөр айтылууда. Бул тууралуу Россиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусунан кийин журналисттерге билдирди.
Ал белгилегендей, Батыш элитасы согуш талаасындагы стратегиялык демилге толугу менен Россияга өткөнүн түшүндү.
"Батыш саясатчылары 1,5 жылдан бери өз алдынча да, баары чогулуп да Россия согуш талаасында жеңилгенин айтып келишкен. Баары тескерисинче болгонун эми түшүнүп отурушат. Ошол эле учурда Батыш өлкөлөрү жаңжалды чечүү үчүн компромисстик чечим табууга даяр эмес. Учурда Швейцарияда жыйын өткөрүүгө аракет кылышууда. Бирок бул кадамдын жаңжалды жөнгө салуу жолдорун издөө менен эч кандай байланышы жок. Болгону алар көпчүлүк Украинаны колдойт дегендей түр көрсөтүп коюуну көздөшүүдө. АКШ Глобалдык Түштүктөгү өлкөлөрдү бул курулай долбоорго катыштырууга аракет кылууда", — деди Нарышкин.
Анын айтымында, Россия толук кандуу диалогго даяр экендигин ар дайым билдирип келет. Бирок мында РФтин кызыкчылыктары эске алынышы керек.
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Лебедев: дүйнөдө кайрадан глобалдык чыр-чатак чыгуу коркунучу жаралды