КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

ФСБ: англосакстар Борбор Азияга таасирин бекемдөөгө аракет кылышууда

Жыйын Бишкекте өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Англосакстар КМШ мамлекеттеринин жетекчилерине кысым көрсөтүп болсо да Борбор Азиядан орун-очок алып, регионго таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Россия ФСБсынын директору Александр Бортников КМШ мамлекеттеринин атайын кызмат жетекчилеринин 54-отурумунда айтты.
Эскерте кетсек, иш-чара Бишкекте өтүп жатат.
Бортников өз сөзүндө Афганстанды мисал келтирген.
"Англосакстардын Афганстандагы кырдаалга таасир этүү аракетин көрүп жатабыз. Муну менен кандай болгон күндө да Борбор Азияда ордун бекемдеп, аймакты жалпы регионго таасир этүү үчүн аянтча катары пайдаланмакчы", — деген Бортников.
Анын айтымында, мындай жагдайда колдогу бардык каражаттар колдонулат.
"Согушкерлердин сирия-ирак жана афган-пакистан зоналарында улам ротацияланышы да, шериктештиктин түштүк чек арасында согушкерлерди даярдаган лагерлердин пайда болушу да ушундан. Буга коргоо жана коопсуздук жаатында кызматташуунун ар кандай форматтарын таңуулоо, ошондой эле КМШ мамлекеттеринин жетекчилерине саясий жана экономикалык кысым көрсөтүүнү да кошсок болот", — деди ФСБ жетекчиси.
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Ташиев: палестин-израиль чырынын курчушу КМШга таасир этти