Акылбек Жапаров Сердар Бердымухамедов менен Ашхабадда жолугушту

Тараптар соода-экономикалык алаканы күчөтүү, транзиттик транспортту өркүндөтүү маселелерин талкуулады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык алаканы күчөтүү, транзиттик транспортту өркүндөтүү, электр энергиясын импорттоо жана башка эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн аспектилерин талкуулашты.
"2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 63 миллион 546 миң долларды түздү. Ошол эле учурда кыргыз-түркмөн мамилелеринин пайдаланыла элек олуттуу соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы бар", — деди Акылбек Жапаров.
Минкаб башчысы Сердар Бердымухамедов менен Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргызстанга чакырды.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ашхабадга барган.
А. Жапаров: Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарынан чыкты