КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны

Нарышкин: Афганстанга көзөмөл кыла алчу жалгыз күч — талибдер

Афганстандын келечеги Евразия өлкөлөрү менен ынтымактуу жана жакын коңшулук мамиледе экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Афганстанда учурда мамлекеттик бийлик түптөлүп, бекемделүүдө. Бул туурасында Россиянын Тышкы чалгын кызматынан башчысы Сергей Нарышкин Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусунан кийин журналисттерге билдирди.
Россиянын Тышкы чалгын кызматынан башчысы Сергей Нарышкин
Анын айтымында, өлкөнүн ичиндеги оош-кыйыш болгон татаал саясий кырдаалга, экономикалык кыйынчылыктарга карабай "Талибан"* кыймылы Афганстандын аймагын көзөмөлдөгөн бирден-бир реалдуу күч болууда. Алар мамлекетти түптөп, суверендүү, көз карандысыз мамлекеттин жолу менен кетип бара жатат.
"Афганстан бийлиги "Ислам мамлекетинин"** аталган өлкөдөгү террордук уюмунун филиалы менен күрөшүүдө өтө көп күч жумшоодо. Афганстандын келечеги — Евразия өлкөлөрү, анын ичинде Россия жана Борбор Азия мамлекеттери менен ынтымактуу жана жакын коңшулук мамиледе. Россия менен Афганстандын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүгү зор жана аны толук пайдаланыш керек", — деди Нарышкин.
* Террордук ишмердүүлүгү үчүн БУУнун санкциясында турган кыймыл
** Кыргызстан менен Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
КМШ атайын кызматтарынын жетекчилеринин Бишкектеги жыйыны
Бортников: Кабулга тоскоолдук кылышпаса эле талибдер тартипти өздөрү орнотот