25-майга карата аба ырайы

25-майда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Ишембиде Нарын жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +21…+26, Талас, Ысык-Көл аймактарында +18…+23, Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +22…+24, Ош шаарында +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачын басылабы? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу