Кыргызстандык киберспортчулар дүйнө чемпионатына катышат — даярдык, тандоо туру

Sputnik
Кыргызстандык киберспортчулар байге фонду 100 миллион долларды түзгөн дүйнө чемпионатына катышат. Ири турнир 11-19-ноябрда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. Кыргызстан дүйнө чемпионатына катышуу үчүн учурда бардык даярдыгын көрүп жатат. Ири мелдешке тандоо туру кандай өтүүдө, кыргызстандыктар кайсы дисциплиналар боюнча ат салышарын Киберспорт федерациясынын вице-президенти Тариэл Болотбеков айтып берди.