Өлкөдө ак ниет ишкерлердин реестри түзүлүүдө – бул кандай артыкчылыктарды берет?

Sputnik
Президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында ак ниет ишкерлердин реестри түзүлүп, ага ылайык бизнесмендер бир катар артыкчылыктарга ээ болот. Ага ишкерлерди Экономика жана коммерция министрлиги түзгөн ведомстволор аралык комиссия тандап киргизет. Эмне үчүн ак ниет ишкерлердин реестри түзүү идеясы келип чыкты? Реестрге кирүү үчүн кандай критерийлер аткарылышы керек? “Ачык кеп” уктуруусунда жооп алдык.