Кыргызстанда «Топтолмо ипотека» долбоору ишке кирет

Sputnik
Президент Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыздоонун үчүнчү баскычы башталганын жарыялады. Өлкө башчынын демилгеси менен МИК РСК банкы (жакын арада "Элдик банк" болуп өзгөртүлөт) менен "Топтолмо ипотека" жаңы социалдык долбоорун иштеп чыгууда. Аталган демилгенин чоо-жайы тууралуу ““Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда маалымат алдык.