Акыркы коңгуроо, бүтүрүү кечелери кандай форматта өтөт?

Sputnik
Окуу жылы аяктап, 25-май акыркы коңгуроо аземи да күн санап жакындап келет. Бул күн кичинекей кезинде мектеп босогосун аттаган окуучулар үчүн өтө маанилүү күн. Анткени окуткан мугалимдери, мектеби менен коштошуп, жогорку окуу жайында билим алууга бет алышат. Ал эми бүтүрүү кечелеринин форматы кандай болору өзүнчө маселе. Бул күнү коопсуздук эрежелери толук көзөмөлдөнүп, ар бир мектеп бул маселеге кылдат мамиле жасоого далалаттанат.
Ошого карабастан өз алдынча кече өткөрүүнү каалаган да ата-энелер болот. Мындай учурда министрликке кабарласа болобу? Балдар коопсуздугунда деги эле мугалимдердин жоопкерчилиги кандай? Адатта бүтүрүүчүлөр бирдей форма кийүү, түрдүү кооздуктарды жасоо жана башка ушул сыяктуу шаан-шөкөттөргө кызыгышат, буларга уруксат берилеби, берилсе бул президенттин ысырапкорчулукка жол бербөө жарлыгына каршы келбейби?
Ушул жана башка суроолор менен Билим берүү жана илим министрлигинин адисин чакырып маектештик.