Радио

Чекиров: Кыргызстан ЖККУ менен болгон мамилесин өркүндөтүшү керек

Дипломат, эл аралык мамилелер боюнча эксперт профессор Кубанычбек Чекиров Кыргызстан ЖККУнун алкагында аскердик техникасын жакшыртышы кажет экенин айтты.
Sputnik
ЖККУ Кыргызстандын коопсуздугуна кепилдик берет. Ошол себептен кызматташтык уланышы зарыл. Бул тууралуу Кубанычбек Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, илимдеги ачылыштардын баарын аскер техникасына, коопсуздук маселелерине, өндүрүшкө да киргизүү кажет.
"Биз ЖККУга мүчөбүз. Ошол себептен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна кирген мамлекеттер менен мамилени өркүндөтүшүбүз керек. Акыркы эки жылда көптөгөн жаңы техникаларды сатып алып жатабыз. Бул жагынан алганда да Россия менен болгон мамилебиз абдан жогорку деңгээлде. Экономиканы өнүктүрүү үчүн технологияга көп көңүл буруу кажет. Азыр мезгил көрсөтүп жаткандай, атайын операцияларда колдонулган технологиялар да мурункудай эмес. Башкача согуш техникалары, дрондор пайдаланылып жатат. Буга жетишип, абалыбызды чыңдоо үчүн илим менен технологияны көтөрүү керек. Жасалма интеллектиге көңүл буруу кажет. Россия, Кыргызстан менен бирге Казакстанда да союздан калган илим-изилдөө институттары бар. Аларды заман талабына жараша күчөтүп, өнүктүрүү зарыл", — деди Чекиров.
Ал Кыргызстандын ИДПсын көтөрүү үчүн чоң секирик жасалышы керектигин кошумчалады.