А. Жапаров: Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн катарынан чыкты

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына өткөнүн билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржынын келечеги" аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда сүйлөдү.
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржынын келечеги" аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда
Негизги тезистер:
Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына кирди, жаңы ишканалар гана эмес, бүтүндөй тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүүдө.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыкты.
Кыргызстан адамдык капиталга да, жаратылыш ресурстарына да бай. Биз үчүн "акылдуу жана кайраттуу өлкө болуу" маанилүү.
Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун эбак эле өзүнө алган. Өлкө экономиканын кубаттуу локомотивинин ролун ойнойт, дирижер гана эмес, оркестрдеги алгачкы скрипка да болот.
Бийлик банк секторуна чоң үмүт артууда. Экономикалык өсүштүн талап кылынган темптерине жетүү үчүн жогорку деңгээлде өнүккөн, ийкемдүү жана акылдуу финансы-банк сектору болушу керек.
Ата мекендик банктар үчүн корреспонденттик эсептердин тармагын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө (министрлер кабинетинин башчысы аларды банктар аралык которуулар боюнча комиссияны кыскартууга жана өздөрүнүн банкоматтарын орнотууга, ошондой эле акыркылардын бирдиктүү системасын түзүүгө чакырды).
Улуттук банк бир айдын ичинде валюта рыногунан дээрлик 100 млн доллар сатып алды