ЕАӨБ эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы эң ири күн электр станцияларынын биринин курулушун каржылайт. Бул тууралуу банктын сайтында жазылган.
Кеп Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 300 мегаваттка жеткен станция жөнүндө болуп жатат. Евразия өнүктүрүү банкы 15 жылга 210 миллион долларга чейин каражат бөлмөкчү. Объектини ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландаштырылды.
Банктын башкаруучу директору Денис Ильин долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун жогорулатып, электр станциясы эл аралык экологиялык жана техникалык стандарттарга жооп берерин белгилеген.
Садыр Жапаров Бала-Саруу ГЭСин ачты. Сүрөт