ЕАЭБ менен Монголиянын экономикалык кызматташтыгы кеңейүүдө

Монголия ЕЭК менен байланыштарды 2015-жылы жолго салып, келерки жылы алаканын түзүлгөнүнө 10 жыл болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. ЕАЭБ менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык алака бекемделүүдө. Бул тууралуу ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министри Сергей Глазьев билдирди.
Маалыматка ылайык, Улан-Батордо 21-майда "Монголия менен ЕАЭБдин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги" аттуу илимий конференция өткөн.
"Монголия ЕЭК менен байланыштарды 2015-жылы жолго салган. Келерки жылы алаканын түзүлгөнүнө 10 жыл болот. Биримдиктин өлкөлөрү менен Монголиянын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу үчүн аракеттерди көрүү зарыл", — деген ал.
Министр келечекте улуттук валютада соода жүргүзүү, геологиялык чалгындоо, кен казып алуу, сырьену кайра иштетүү, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү, инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Пресс-борбор
Онищенко ЕАЭБдеги медицинаны санариптештирүү тууралуу айтып берди