Радио

Кыргызстан Татарстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасайт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев кыргыз-татар бизнес-коомчулугу тажрыйба алмашуу, инвестициялык долбоорлорду бирге жүзөгө ашырууга кызыкдар экенин айтты.
Sputnik
Кыргызстан Татарстан менен соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө басым жасайт. Бул тууралуу "Россия-ислам дүйнөсү: Казань форуму — 2024" XV эл аралык экономикалык форумунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн Назарбек Малаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ислам каржылоосу, ислам финансылык технологияларын, адал индустриясын өнүктүрүүдө Татарстандын, ислам дүйнөсүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн ири компанияларынын тажрайбасын алуу керек.
"Казань шаарында "Россия-ислам дүйнөсү: Казань форуму — 2024" XV эл аралык экономикалык форуму өтүп, бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Ага Кыргызстандын да делегациясы катышып, аны министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеп барды. Форумдан тышкары кыргыз бизнес-өкүлдөрү Татарстандын ишкерлери менен жолукту. Ага ылайык, Кыргызстан Татарстан менен соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө басым жасай турганы белгилүү болду. Кыргыз-татар бизнес-коомчулугу акыркы тенденциялар, технологиялар боюнча тажрыйба алмашуу, инвестициялык долбоорлорду бирге жүзөгө ашырууга кызыкдар. Маселен, ислам каржылоосу, ислам финансылык технологияларын, адал индустриясын өнүктүрүүдө Татарстандын, ислам дүйнөсүндөгү өнүккөн өлкөлөрдүн ири компанияларынын тажрайбасын алуу керек", — деди Малаев.
Ошондой эле адис форумдун алкагында Чүй облусунда аянты 300 миң чарчы метрди түзгөн Wildberries логистикалык борборун куруу боюнча меморандумга кол коюлганын кошумчалады.