Радио

Министрлик: эми паспортту үйдөн чыкпай эле алууга болот

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты документтештирүү башкармалыгынын башчысы Анара Тиленова жыл соңуна чейин паспорт алууда кошумча кызмат кирип калышы мүмкүн экенин билдирди.
Sputnik
Кыргызстандыктарга үйдөн чыкпай эле өз алдынча паспорт алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча иштеп жатабыз. Жыл соңуна чейин бул кызмат ишке кирип калышы ыктымал. Бул тууралуу Анара Тиленова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган кызмат мобилдик тейлөөдөн айырмаланып, паспорт жаңылоодо же алууда керектүү сурамдарды жаран өз алдынча толтурат.
"Азыр кыргызстандыктар документ иштерин бүтүрүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна кайрылып же мобилдик тейлөө кызматын колдоно алышат. Мобилдик кызматты каалаган эле жаран чакыртса болот, кошумча акы алынат. Бирок жарандардын кээ бир категориясына мобилдик кызмат көрсөтүү акысы алынбайт. Ал эми келечекте биз, кыргызстандыктар, мисалы, ошол эле паспортту алууда үйдөн чыкпай эле, сүрөткө өзүн-өзү тартып, керектүү документтерди электрондук түрдө толтуруп билдирме жиберип кое алат. Башкача айтканда, Калкты тейлөө борборунун кызматкерлеринин жардамы керектелбей калат. Мурдагыдай атайын сүрөткө түшпөйт. Бул кызмат көрсөтүү кийинки жылда ишке кирип калышы мүмкүн. Азыр техникалык иштер жүрүп жатат", — деди Тиленова.
Ал мындай аракеттер элге ыңгайлуулук түзүү менен биргеликте КТБдагы узун кезек күтүүлөрдү кыскартууга багытталганын кошумчалады.