Үч баланын өмүрүн алган Ысык-Көлдөгү автокырсыктын чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук милициясы түндө болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Каргаша 23-майга караган түнү саат 01:00 чамасында Кызыл-Өрүк айылынын күн чыгыш тарабындагы бурулушта болгон. Анда Mercedes-Benz (Daimler Chrysler) үлгүсүндөгү автоунаа оодарылып кеткен.
Ысык-Көл облустук ЖКККБнын маалыматына караганда, кырсык Кызыл-Өрүк айылынын күн чыгыш тарабында бурулушта болгон. Милиция айдоочу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып аласалып кеткенин айтты.
"Жол кырсыгынан үч адам (эркек балдар) көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин бул кырсыктын видеосу тараган. Анда автоунаа талкаланып калганын, жабыр тарткандар ар кайсы жерде жатканын көрүүгө болот. Күбөлөр каза болгондор болжол менен 12-14 жаштагы өспүрүмдөр экенин айтышкан.
Айдоочунун эреже бузганын сүрөт, видеого тартып жөнөтүүгө болот. Номер