БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кыргызстанда балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштар үчүн жаза катаалдады. Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Кылмыш-жаза кодексинде аялдарга, 18 жашка чыга элегинде кылмыш жасаган адамдарга, ошондой эле кылмыш жасаган учурда 60 жашка чыккан эркектерге өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы колдонулбай турганы каралган.
Учурда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, анда бул категориядагы эркектер баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыш жасаса аларды өмүр бою эркинен ажыратуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Ошондой эле Жазык-процессуалдык кодекске баланын жыныстык кол тийбестигине жана сексуалдык эркиндигине каршы кылмыштар сотто далилденсе күнөөкөрдү жазасыз калтырбоо боюнча түзөтүү киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Январдын аягында зордуктоо боюнча тараптардын жарашуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган.