Жаан-чачындан улам мамлекеттик ирригацияга 13 млн. сомдук зыян болду

Билдирмеге ылайык, жалпысынан республика боюнча ирригациялык 33 объект бузулган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ушул жылдын апрель, май айларында жаан-чачындын көп болушунан улам сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, жалпысынан республика боюнча ирригациялык 33 объект бузулган. Бул абал мамлекеттик ирригация системасына 13,6 миллион сомдук зыян алып келген.
"Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр кыйроого учураган объектилерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Сугат суу берүү жандандырылып жатат", — дешти министрликтен.
Жайында тамчылатып сугаруу жабдыктарын чыгарган заводдун курулушу башталат