Дзюдочу Эрлан Шеров Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Дзюдочу Эрлан Шеров 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Дзюдо боюнча улуттук федерация билдирди.
Спортчу кечээ күнү Бириккен Араб Эмирликтеринде өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.
Ал 90 килограмм салмакта күч сынашты. Чечүүчү мелдеште 2022-жылдагы дүйнөнүн вице-чемпиону, италиялык Кристиан Парлатини жеңди.
Кыргызстандык спортчу 1/16 баскычынан баштап, үч атаандашын утуп алган, бирок жарым финалда япониялык спортчуга жеңилип калган. Жыйынтыгында 3-орун үчүн күрөшкө чыккан.
Соңку маалымат боюнча, Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына республика күрөш, сууда сүзүү жана дзюдо боюнча катышат.
Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алышты