Бишкекте 24-май күнү кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Жарманкеде кийизден, жүндөн жасалган буюмдар, сувенирлер коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Эртең, 24-майда, Бишкекте Энелер күнүнө арналган “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Иш-чара активдүү жашоо образын жайылтууга, тез карып кетүүнү алдын алууга, ошондой эле балдарды тарбиялоодо жана үй-бүлөнү бекемдөөдө энелердин, чоң энелердин ордун өзгөчө белгилөөгө арналат.
Жарманкеге Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 50гө жакын карыялардан турган топтор катышат. Алар кийизден, жүндөн жасалган буюмдарды, сувенирлерди тартуулашат.
Иш-чаранын алкагында КРСУнун артисттеринин, чыгармачыл топторунун жана студенттеринин концерти, лотерея, жугуштуу оорулар боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдардын көргөзмөсү, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, скандинавиялык басуу, салтка айланган шахмат турнири өтөт. Мындан тышкары, коноктор ден соолукту чыңдоонун эң маанилүү элементи болгон туура тамактануу боюнча маалымат ала алышат.
Иш-чараны КРСУ Эмгек, социалдык коргоо министрлиги жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу астында уюштурууда.
Жарманке саат 10:00дөн 13:00гө чейин Курманжан датканын эстелигинин жанында өтөт.
"Русский дом" Оштогу мектеп-интернаттарга атайын китептерди тапшырды