Министрлик кыргызстандык студенттерге стипендия каралган үч өлкөнү атады

Программалар тууралуу толук маалымат жогорку окуу жайлардын расмий сайттарында жарыяланган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Азербайжан, Словакия жана Малайзия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынан билим алууну каалаган кыргызстандыктар үчүн стипендия берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ведомство программаларга катышуу эрежелери жана шарттары тууралуу төмөнкүлөрдү маалымдады:
Азербайжандан магистратура даражасында билим алууну каалагандар Азербайжан мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынын "Мерген" стипендиялык программасына катышса болот. Ал үчүн республиканын Илим жана билим берүү министрлигинин portal.edu.az сайтынан 2024-жылдын 31-июлуна чейин арыз толтуруу керек.
Словакиянын жогорку окуу жайына кабыл алынган абитуриенттер республиканын Билим берүү, изилдөө, өнүктүрүү жана жаштар министрлиги бере турган стипендия үчүн ат салышса болот. Өтүнмөлөр 2024-жылдын 30-июну саат 23:59га чейин кабыл алынат. Толук маалымат сайтында scholarships.portalvs.sk . Стипендия дүйнө жүзү боюнча 100 таланттуу талапкерге берилмекчи;
маалыматтык технологиялар жана инженерия сыяктуу багыттар боюнча жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Малайзиянын Universiti Teknologi PETRONAS университетине магистратура же докторантура (PhD) программасы боюнча билимин тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандын жарандарына магистр же PhD даражаларын алуу үчүн жалпысынан 60 стипендия берилет. Тандоого катышуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 26-майы саат 17:00гө чейин (Малайзия убактысы боюнча) tinyurl.com/43f65598 шилтеме боюнча катталуу зарыл. Кененирээк маалымат университеттин сайтында utp.edu.my жайгаштырылган.
Азербайжан кыргызстандык студенттерге квота бөлөт