Акылбек Жапаров Сколтехтин өкүлдөрүн кабыл алып, билим берүүнү талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сколково илим жана технология институтунун (Сколтех) коммуникациялар жана коомчулукту өнүктүрүү боюнча вице-президенти Алексей Ситников менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жолугушууда билим берүү жана илим системасынын чакырыктарына жана муктаждыктарына ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк берген инновациялык башкаруу практикасын жана моделдерин киргизүү маселелери талкууланган.
Тараптар ошондой эле ата мекендик ЖОЖдорду өнүктүрүү үчүн кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрдү түзүүчү алдыңкы компетенцияларды жана технологияларды өнүктүрүү борборун уюштуруу маселесин карашты.
Жыйынтыгында биргелешкен долбоорлор боюнча, анын ичинде жаңы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруунун алкагында кызматташууну арттыруу багытында макулдашууга жетишилди.
Байсалов Сколково институтунун өкүлдөрү менен жаңы долбоорлорду талкуулады