24-майга карата аба ырайы

24-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жума күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болорун Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын жергесинде +21...+26 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ошто күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +25...+27, Ошто +27...+29 градуска жетет.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы