Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Финтех жана туруктуу өнүгүү: каржынын келечеги" аттуу Бишкек эл аралык каржы форумунда сүйлөдү. Негизги тезистер: Кыргызстандын экономикасы туруктуу өсүү траекториясына кирди, жаңы ишканалар гана эмес, бүтүндөй тармактар жана багыттар ачылып, тышкы соода жүгүртүү өсүүдө. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Кыргызстан кирешеси төмөн өлкөлөрдүн категориясынан чыкты. Кыргызстан адамдык капиталга да, жаратылыш ресурстарына да бай. Биз үчүн "акылдуу жана кайраттуу өлкө болуу" маанилүү. Мамлекет экономикада жетектөөчү күчтүн ролун эбак эле өзүнө алган. Өлкө экономиканын кубаттуу локомотивинин ролун ойнойт, дирижер гана эмес, оркестрдеги алгачкы скрипка да болот. Бийлик банк секторуна чоң үмүт артууда. Экономикалык өсүштүн талап кылынган темптерине жетүү үчүн жогорку деңгээлде өнүккөн, ийкемдүү жана акылдуу финансы-банк сектору болушу керек. Ата мекендик банктар үчүн корреспонденттик эсептердин тармагын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ушул жылдын апрель, май айларында жаан-чачындын көп болушунан улам сугат мезгилине даярдалган мамлекеттик ирригациялык объектилер кыйроого учурады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, жалпысынан республика боюнча ирригациялык 33 объект бузулган. Бул абал мамлекеттик ирригация системасына 13,6 миллион сомдук зыян алып келген. "Суу ресурстары кызматынын карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөр кыйроого учураган объектилерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Сугат суу берүү жандандырылып жатат", — дешти министрликтен.
Мындан ары жарандар жол эрежелерин бузгандардын видео, сүрөттөрүн кабарлай алат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады. Маалыматка ылайык, кайрылуулар 0777 102-102 Whatsаpp номери аркылуу күнү-түнү кабыл алынат. "Жарандар көчөлөрдө туура эмес токтотулган унааларды, жол тыгындарын, кырсыктарды, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелери бузулган фактыларды көрсө түз ушул номерге сүрөт жана видео жөнөтүп койсо болот", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле кайрылууну алган кызматкер тийиштүү чараларды көрүп, аны жөнөткөн адамга жообун бере турганы кошумчаланды.
Камчы Көлбаевдин туугандары адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка караганда, Ж.Э.А. жана Ж.С.А. аттуу адамдар Көлбаевдин колдоосун пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлерге кысым көрсөтүп жүргөн. "Ж.Э.А. жана Ж.С.А. күч колдонуу жолу менен жергиликтүү кеңештин айрым депутаттарын мыйзамсыз эркиндигинен ажыратышкан", — деди УКМК. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада факт боюнча шектүүлөрдүн бири Ж.Э.А. колго түшкөн. Ал Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.