Ван кыргыздары улуттук маданиятты, тарыхты көөнө буюмдарда кантип сактаган

Sputnik
Кылымдарды карыткан кыргыз эли бай тарыхы менен белгилүү. Анын тамыры терең тарыхы, ар кайсы доордо, ар кайсы жерде жашаса да уңгусун унутпай, ата-бабадан келаткан салтын сактап, аны муундан-муунга өткөрүп берген өкүлдөрү өз дилин, тилин жоготпой маданий мурасын миң сырдуу кол өнөрчүлүгүнө катып, мурастап келет. Мына ушундай ыйык салтты уланткан этникалык кыргыздардын бири Вандыктар. Алар байыркыны бапестеп, тумшуктууга чокутпай, тырмактууга илдиртпей урпактарга насаат кылып жеткирсе, бүгүнкү күндө анын бүтүндөй кыргыз маданиятында орду чоң экенин даңазалоо аракети көрүлдү.
Ушул күндөрү борбор калаада “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу эл аралык кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүнүн өткөрүлдү. Көргөзмөдө Вандык кыргыздар көөнө жашоосу менен тааныштырып, беш манжа бөлөк билек бир дегендей, нукура кыргыз маданиятын көрсөтүшүп, шаар тургундарына жана конокторуна эстетикалык эргүү тартуулашты. Көргөзмөнүн жүрүшү тууралуу бизге “Ачык кеп” программасынын алкагында Мадаинят, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү, Кызжибек Бактыбек кызы,
Вандык кыргыздар Шаарван Аслан жана Базаркан Уфук келип маек курушту.