Сууга түшүү коопсуздугу. Сууда өзүн кандай алып жүрүү керектигин ӨКМ айтып берди

Sputnik
Жай мезгили жакындап калгандыктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды тыюу салынган жерлерде сууга түшпөөгө чакырууда. Көл, дарыя, чакан көлмө, каналдардагы кырсыктардын негизги себеби жабдылбаган жерлерде сууга түшүү жана мас абалында сууга түшүү болуп саналат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү суудагы коопсуздук эрежелери тууралуу кененирээк токтолду.