Кызыл китепти жаңылоо үчүн демөөрчүлөр изделүүдө

Sputnik
Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жана сейрек кездешкен жаныбарлары, өсүмдүктөр киргизилген кызыл китепти жаңылоо үчүн демөөрчүлөр изделүүдө. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлар, тиешелүү министрлик, мекемелер, институттар менен бирге жумушчу топ түзүлдү. Экологияны коргоодо кызыл китептин мааниси, андагы көйгөйлөр, илимий кызматкерлердин жана изилдөөлөрдүн жетиштүүлүгү тууралуу кеп кылдык.