Радио

Абдыжапарова: 23-июнда ЖРТнын үчүнчү этабы жыйынтыкталат

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Жыргал Абдыжапарова ЖРТнын жүрүшү тууралуу айтып берди.
Sputnik
2023-2024-окуу жылында 11-классты 8 787 бала бүтүрүп жатат. Негизинен ЖРТга катышуу үчүн 8 287 бала каттоодон өткөн. Бул тууралуу Жыргал Абдыжапарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл "Алтын тамга" тестине эң жакшы окугандардын 285и катышып, 41 окуучу мыкты жыйынтык көрсөткөн.
"2023-2024-окуу жылында 11-классты 8 787 бала бүтүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөр коомдо адис катары ордун табыш үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө катышууда. Мындан тышкары, "Алтын тамга" тестине да эң жакшы окуган окуучулардын 285и катышып, 41 окуучу мыкты жыйынтык көрсөткөн. Негизинен ЖРТга катышуу үчүн 8 287 бала каттоодон өткөн. Тестирлөө үч этапта жүрөт. Ал 17-майдан башталып, 23-июнга чейин созулат. Мурда тестке кандайдыр бир себептер менен катышпай калгандар үчүнчү этапта тапшырат. Учурда биздин 26 муниципалдык мектепте тест борборлору уюштурулуп өтүп жатат. 21-июнда экинчи этабы башталат. Ал эми үчүнчү этабы 20-июндан 23-июнга чейин болот. Быйыл борбордун бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен 500ү ЖРТга катышпай калды. Анын ар кандай себептери бар. Айрым балдар чет мамлекеттеги жогорку окуу жайына же Кыргызстандагы ЖРТ талап кылынбаган окуу жайларга тапшырууда", — деди Абдыжапарова.
Ал Жалпы республикалык тестирлөө окуучуга өз билимин текшерип, дараметин аныктоодо жардам берерин кошумчалады.