Күн кескин сууктап, үшүк жүрөт. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. 26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн күн сууктайт, Нарын, Ысык-Көл облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
Аба ырайы 24-майдан тарта бузулат.

"25-26-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт", — деп айтылат маалыматта.

Шамал да күчүндө болуп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге жетерин билдиришти.
"27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт", — деп айтылган билдирүүдө.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер-жемиштерге зыян келтирет.
Синоптиктер аба ырайынын мындай болуп бузулушу автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатарын эскертишти.
Жаан-чачын басылабы? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу