Ысык-Көлдө мыйзамсыз иштеген чет элдик жарандар аныкталды

Чет элдиктерге жана алардын иш берүүчүлөрүнө айып салынды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда тиешелүү уруксат кагаздары жок иштеп жүргөн чет элдик эмгек мигранттарынын тобу аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
1 / 3

Ысык-Көл облусунда тиешелүү уруксат кагаздары жок иштеп жүргөн чет элдик эмгек мигранттарынын тобу аныкталды

2 / 3

Маалыматка караганда, облустун ар кайсы район-шаарларындагы бир нече объектилерде жүргүзүлгөн рейдде 1387 чет элдик жаран текшерилген

3 / 3

Алардын ичинен 131инин иштөөгө уруксат кагазы жок болуп чыкты. Тартип бузгандарга протоколдор түзүлүп, 720 миң 500 сом айып салынды.

Маалыматка караганда, облустун ар кайсы район-шаарларындагы бир нече объектиде жүргүзүлгөн рейдде 1 387 чет элдик жаран текшерилген.

“Алардын ичинен 131инин иштөөгө уруксат кагазы жок болуп чыкты. Тартип бузгандарга протоколдор түзүлүп, 720 миң 500 сом айып салынды. Мындан тышкары, документи жок чет элдиктерди жумушка алган үч иш берүүчүгө да жалпысынан 105 миң сом айып салынды”, деди ИИБ.

Баңгизат сатуу каналын уюштурган делип 5 египеттик жаран кармалды